Садыр Жапаров элчи болуп жаңы дайындалган Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда Кыргызстандын Беларустагы элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду. Өз кезегинде элчи Эрбол Султанбаев мамлекет башчысына белорус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берди.