Өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшү эмне себептен орун алып жатат жана аны чечүүгө кандай кадамдар жасалууда? Бул боюнча «Кабар» агенттигине өлкө башчысы Садыр Жапаров маек курду.
— Электр энергияга болгон тартыштыкты жоюу үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керек? Электр энергиясына болгон муктаждыкты толук камсыздоо максатында учурда кандай иш-аракеттер аткарылып жатат?
— Электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2 сом 72 тыйын болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Мындан тышкары, “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берип жатабыз. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган жалпы саны 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берип жатабыз.
Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы.
Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат.
Эми 30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Бардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз. Андан тышкары, Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭси, Ысык-Ата ГЭСи, Көк-Арт ГЭСи, Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилүүдө. Алдыда дагы кубаттуулуктарды көбөйтүүгө чакан ГЭСтерди куруп, ишке киргизүүчү көптөгөн реалдуу долбоорлор бар. Өзүбүздүн чоң ГЭСтерибиз дагы ушул күнгө чейин жаңыртылбаптыр.
Мисалы, Токтогул ГЭСи толук реконструкция иштеринен өтүп жатат. Кийинки жылга бир эле агрегаты калды. Ал да бүтсө жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулуп жатат.
Быйыл Үч-Коргон ГЭсин дагы жаңыртуу иштерин баштадык. Ушул айдын ичинде 4-генераторун ишке киргизебиз. Кошумча 9 МВт кошулат. Жалпы оңдоп-түзөөдөн кийин 36 МВт кошулат.
Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө тендер өткөрүлүп, кийинки жылдын биринчи кварталында ишти баштайбыз деп турабыз. Бул ГЭСтин агрегаты ишке кирсе 120 МВт кошумча кубаттуулук кошулат.
Алдыдагы 2025-2026-жылдарга жалпы 3 ГВт электр энергиясын өндүрүү үчүн инвесторлор менен иштеп, келишимдерге кол коюлду. Токтогул суу сактагычынын үстүнө сүзүп жүрүүчү 1200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестор менен макулдашууга кол коюлуп, иштер жакынкы күндөрдө башталат.
Эң жакынкы келечекте биз электр энергиясын сатып алуучу өлкөдөн, сыртка сатуучу өлкөгө айланабыз. Быйыл гидроэлектростанциялардан сырткары күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланып электр энергиясын өндүрүү үчүн көптөгөн макулдашууларга кол коюп ишти алып барууга жетиштик. Нарын облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат.