Шейшемби, 21.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Элибиз дагы кайдыгер болуп, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат»

13:44 15.12.2024
0
Садыр Жапаров: «Элибиз дагы кайдыгер болуп, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат»

Өлкөдө электр энергиясынын өчүрүлүшү эмне себептен орун алып жатат жана аны чечүүгө кандай кадамдар жасалууда? Бул боюнча «Кабар» агенттигине өлкө башчысы Садыр Жапаров маек курду.

— Электр энергияга болгон тартыштыкты жоюу үчүн кандай чараларды көрүшүбүз керек? Электр энергиясына болгон муктаждыкты толук камсыздоо максатында учурда кандай иш-аракеттер аткарылып жатат?

— Электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2 сом 72 тыйын болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Мындан тышкары, “Үй-бүлөгө көмөк” программасынын алкагында 69 миң үй-бүлөгө электр энергиясын 55 тыйын менен берип жатабыз. Ошондой эле тоолуу аймакта жашаган жалпы саны 186 миң керектөөчүгө 1 сом 10 тыйындан эч кандай чектөөсү жок берип жатабыз.

Элибиз дагы кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Жөнөкөй эле бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Мен муну көп жерден көрүп, “кереги жок бөлмөдөгү светти өчүрүп койсоңор боло” деп эскертип да жүрөм. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы.

Мамлекеттик мекемелердеги кызматкерлер, жетекчилер, мектеп, бала-бакчалар “мамлекет төлөйт” деген жоопкерчиликсиз мамилеси менен иш бөлмөлөрдөгү, имараттардагы электр жарыгын өчүрбөй калтырып кетишет. Көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрбөй коюшат. Ушунун баары таасир этип жатат.

Эми 30 жыл чыдаган элибиз 3-4 жылга чейин бир аз чыдап турса. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүтсө, кубаттуулугу 1860 МВт болуп, электр энергиясынын тартыштыгы толук жоюлат. Бардыгын электр кубатына өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүк болот. Электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү үчүн көптөгөн тапшырмаларды берип жатам, керек болсо, 30-жылдардан кийин кышкысын да экспортко чыгабыз. Андан тышкары, Бала-Саруу ГЭСи, Кайнама ГЭси, Ысык-Ата ГЭСи, Көк-Арт ГЭСи, Исфайрам ГЭСи, Курак-Тектир ГЭСи, Кыштут ГЭСи сыяктуу чакан ГЭСтер курулуп, ишке берилүүдө. Алдыда дагы кубаттуулуктарды көбөйтүүгө чакан ГЭСтерди куруп, ишке киргизүүчү көптөгөн реалдуу долбоорлор бар. Өзүбүздүн чоң ГЭСтерибиз дагы ушул күнгө чейин жаңыртылбаптыр.

Мисалы, Токтогул ГЭСи толук реконструкция иштеринен өтүп жатат. Кийинки жылга бир эле агрегаты калды. Ал да бүтсө жалпысынан 240 МВт кубаттуулук кошулуп жатат.

Быйыл Үч-Коргон ГЭсин дагы жаңыртуу иштерин баштадык. Ушул айдын ичинде 4-генераторун ишке киргизебиз. Кошумча 9 МВт кошулат. Жалпы оңдоп-түзөөдөн кийин 36 МВт кошулат.

Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө тендер өткөрүлүп, кийинки жылдын биринчи кварталында ишти баштайбыз деп турабыз. Бул ГЭСтин агрегаты ишке кирсе 120 МВт кошумча кубаттуулук кошулат.

Алдыдагы 2025-2026-жылдарга жалпы 3 ГВт электр энергиясын өндүрүү үчүн инвесторлор менен иштеп, келишимдерге кол коюлду. Токтогул суу сактагычынын үстүнө сүзүп жүрүүчү 1200 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестор менен макулдашууга кол коюлуп, иштер жакынкы күндөрдө башталат.

Эң жакынкы келечекте биз электр энергиясын сатып алуучу өлкөдөн, сыртка сатуучу өлкөгө айланабыз. Быйыл гидроэлектростанциялардан сырткары күндүн жана шамалдын энергиясын пайдаланып электр энергиясын өндүрүү үчүн көптөгөн макулдашууларга кол коюп ишти алып барууга жетиштик. Нарын облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон Куланак ГЭСи курулуп жатат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:31 20.04.2026
0

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Россия Федерациясындагы иш сапары Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен...

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Касымалиев: «Кыргызстандын ИДПсы биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча 10,1% өстү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:06 20.04.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше...

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:23 19.04.2026
0

"Мен 45 жашымда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангам. Марлен да 45 жашында ушул жооптуу кызматка келди". Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси...

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин регионалдык хабына айлантуу»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:10 19.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-апрелде TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү Жастин Санды кабыл алды. Жолугушууда глобалдык финансылык трансформациянын актуалдуу маселелери, Кыргызстанда виртуалдык...

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:54 18.04.2026
0

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевдин Германия Федеративдүү Республикасындагы расмий сапары башталды. Алгач төрага аталган өлкөнүн парламентинин – Бундестагынын президенти...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026
Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

14:50 20.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ажылыкка аттанат

09:53 21.04.2026
Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

Токмоктогу окуучу кызга байланыштуу окуя. Бул иш агартуу министринин жеке көзөмөлүндө

09:26 21.04.2026
Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

Маматалиев Орусияга иш сапары менен барды

16:31 20.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү