Садыр Жапаров эмне үчүн Мадумаров менен бириге албасын айтты

Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, мурдагы премьер-министр, президенттик жарышта башкы фаворит болуп турган Садыр Жапаров «Супер ТВ» каналында «Саясий коктейль» берүүсүндө жаңы жылды утурлай кеңири маек берди. Ал Адахан Мадумаров менен эмне үчүн бириге албасын айтты.

«Мен түрмөдө жатканда Адахан Мадумаров менен биригүү жөнүндө сөздөр болгон. Партияларды бириктирип, парламенттик шайлоого бир баралы деген. Жамандагандай болбоюн, бирок Адахан Кимсанбаевичтин текеберчилик мүнөзү абдан жогору экен, ошонүчүн бириге албай калдык»,- дейт Жапаров.

Маектин толук версиясын шилтемеден табасыз.