Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.
Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартиби жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын алдыдагы Бешинчи Консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашты.