Садыр Жапаров: «ЭТТН боюнча жумушчу топ түзүлдү»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, салыктар боюнча жарлыкка кол койгонун билдирди.

Ал ошондой эле ЭТТН боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн жазды. «ЭТТН боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бир айдын ичинде сунуш менен келишет» ,- деп жазды президент.