Садыр Жапаров Фейсбуктагы электр энергиясынын баасы тууралуу постун оңдоду

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы электр энергиясынын баасын көтөрүү тууралуу постун оңдоду.

Эми ал жактан «суунун тартыштыгына байланыштуу жашоо-шарты жакшы үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде саатына 1000 киловаттан ашса, 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул — бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы» деген сүйлөм жоголуп кетти.

Юлия Кулешованын скрини.

Президент бүгүн энергетика тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда 700 киловаттык чектөөнү алып салып, ар кайсы категориядагы жарандар үчүн электр энергиясынын баасын өзгөртүүнү сунуштаган.

Садыр Жапаровдун оңдолгон билдирүүсү

Бирок президенттин расмий сайтындагы маалымат ошол бойдон калды.