Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылындагы футбол комплекси курулуучу жерге пландан тышкары барды. Ага комплекстин аймагында трибуналары бар толук көлөмдөгү футбол аянты, ошондой эле машыгуу аянтчасы жайгаша турганы маалымдалды.
Батыш трибунада фитнес залдары, кийим которуучу бөлмөлөр, сыйлуу коноктор үчүн зал, техникалык бөлмөлөр, баяндамачылар бөлмөсү жана конференц-зал болот. Коммерциялык жана техникалык жайлар чыгыш трибунада жайгаштырылат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,94 гектар.