Садыр Жапаров иш сапар менен Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 5-июлда иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды. Мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы эл аралык аэропортко конду.

Садыр Жапаровду Азербайжандын биринчи вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.