Садыр Жапаров иш сапары менен Душанбеге барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Душанбе шаарына Борбор Азия мамлекет башчыларынын Бешинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Мамлекет башчынын учагы Душанбе шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев.