Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда иш сапары менен Казакстанга “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн жөнөп кетти.

Расмий делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев;

— транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев;

— Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германия Федеративдүү Республикасынын ишкерлери менен жолугушуусуна катышат, Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.