Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга жөнөп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга жана Ватиканга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. Алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;

— Башкы прокурор Максат Асаналиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— юстиция министри Аяз Баетов;

— Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.