Садыр Жапаров: «Жакында Аскердик жаңы доктринанын долбоору каралат»

Президент, Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: 

“Эгемендик мезгилиндеги тарыхыбызга кайрылсак, 1992-жылдын 29-майында мурдагы Советтер Союзунун өлкөбүздө жайгашкан кошуундары менен бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына өтүп, мамлекеттин ажырагыс атрибутикасы менен таянычы болгон улуттук армиянын пайдубалы түптөлгөн. Биздин армия ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин аскердик каада-салттарды сактоонун жана арттыруунун, Ата Мекенди коргоо деген ыйык милдетин аткарууга белсенген Куралдуу Күчтөрдүн калыптануу жолун басып өттү.

Кыргызстандын түштүк аймагына эл аралык террористтик топтор басып кирип, мамлекеттик аймактын бүтүндүгүнө коркунуч жаралган 1999-2000-жылдар баарыбыздын эсибизде. “Баткен окуялары” деп аталып калган ошол мезгил биздин армия үчүн биринчи согуштук тажрыйба, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн сактоо жолундагы чоң сыноосу болду десек жаңылышпайбыз. Жоокерлерибиздин өлкө башына түшкөн кыйын күндөрдө эл-жерибиздин коопсуздугун камсыз кылууга аттанып, душмандар менен кагылышууда көрсөткөн каармандыгын дайыма эскерип турабыз. Тынчтык жана бакубатчылык үчүн өзүнүн өмүрүн арнаган уулдарыбызды унутууга акыбыз жок!

Жакынкы күндөрдө Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде Кыргыз Республикасынын Аскердик жаңы доктринасынын долбоору каралат, Куралдуу Күчтөрдүн ишин ар тараптуу камсыздоо, айрыкча, анын аскердик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чечимдер кабыл алынат.

2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техникаларды сатып ала баштадык. Өткөн жылы аскер кызматкерлеринин кызматтык маяналары жогорулатылды. Акчалай төлөмдөрдү, анын ичинде Куралдуу Күчтөрдүн жарандык кызмат адамдарынын эмгек акысын жогорулатуу боюнча жаңы сунуштар каралууда».