Бүгүн, 27-мартта президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланды. Мамлекет башчылар Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендигин ырасташты. Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алмашышты.