Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына карата иш-чарага катыша албай турганын билдирди

Бүгүн, 15-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келди. Ал ант берген 5 министрден кийин сөз сүйлөп, Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоо сөзүн окуп жатып, чет өлкөгө пландалган иш сапары болгондуктан иш-чараларга катыша албай турганын айтты.

«Алдын ала макулдашып, мерчемделген эл аралык иш сапарыма байланыштуу сиздердин майрамыңыздарды алдын ала куттуктап кетүүгө туура келди», — деди ал.

Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияга расмий сапар менен барат. Сапардын алкагында император Нарухито, премьер-министр Фумио Кисида, парламенттин төрагасы, депутаттары, ошондой эле ROTOBO – Япониянын бизнес ассоциациясы, JATA – Япониянын туроператорлор ассоциациясы, JBIC – Япониянын Эксимбанкы, JETRO – Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү ассоциациясы, JICA – Япония эл аралык кызматташтык агенттиги сыяктуу жана башка түзүмдөрдүн жетекчиликтери менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.