Садыр Жапаров камакка алынган айрым адамдар бошотуу өтүнүчү менен кайрылып жатканын жазды

Садыр Жапаров камакка алынган айрым адамдар бошотуу өтүнүчү менен кайрылып жатканын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

“Менин тааныштарым жана жердештерим дагы коррупцияга шектелип камакка алынып жатышат. Алардын туугандары бошотууну суранышууда. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «Сөз таранчы эмес: учуп кетсе, кармай албайсың». Ар бир адам мыйзам алдында жооп бериши керек. Мунсуз биз коррупция менен күрөшө албайбыз жана тамыры менен жок кыла албайбыз”, — деп жазат Жапаров.