Садыр Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСи кирешеси боюнча экинчи «Кумтөр» болот»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталыш иштеринин салтанаттуу аземинен кийин жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды кабатырланткан суроолорго жооп берди.

«Эгемендикке ээ болгон 30 жылдан бери „Камбар-Ата-2“ ГЭСинен башка көзгө көрүнөрлүк ГЭС курулган жок. Акыркы 10 жылдан бери электр энергияны колдонуучулардын саны болсо эки эсе көбөйдү. Мурда биз электр кубатын экспорттоп келген болсок, союз тарагандан бери, акыркы 10-15 жылда электр кубатын импорттоп жатабыз.

Өзүбүз суунун башында турсак дагы, натыйжада Энергетика министрлиги 140 миллиард сомго чейин карызга батып кетти. Бир жарым жылдан бери бардыгын эсептеп, пландап чыгып анан чакан ГЭСтерди кура баштаганбыз. Азыр эми эң чоң долбоор — „Камбар-Ата 1“ ГЭСинин курулушунун башталышына күбө болуп отурасыздар.

Өзүңүздөр билесиздер бир жылдан бери „Кумтөр“ кенин мамлекеттин пайдасына иштей баштады. Мына ошонун акчасы менен биз баштап атабыз. Бул „Кумтөрдүн“ акчасы менен „Камбар-Ата-1“ эле эмес, былтыртан бери майда-чүйдө долбоорлорду ишке ашырып келе жатабыз. Мурда бизде „Кумтөргө“ окшогон чоң кошумча киреше булагыбыз болгон эмес. Эми Кудай буюруп ушул ГЭС курулуп бүтүп калса, экинчи „Кумтөр“ болот», — деди Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо, жолдорго асфальт төшөө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу, суу сактагыч баскан жерлерге компенсация төлөп берүү, бала бакча, мектептерди куруу сындуу элдин бүйүрүн кызыткан суроолорго жооп берди. Президент бир дагы маселе көңүл сыртында калбай турганын баса белгиледи.