Садыр Жапаров: «Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга карыз алабыз»

Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

«Биринчиден, мурда алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убакта Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыз болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок.

Азыр эми ошол карызды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карызыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз «эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!» деген сынды айтып жатышпайбы. Бардык резервди топтоп, төлөп салсак болот. Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер.

Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда «эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот» деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу.

Экинчиден, азыркы алып жаткан сырткы карызыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип” анан алып жатабыз.

Бир эле мисал келтирейин. «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер «Камбар-Ата-1» ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин «Токтогул» ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет.

Ал эми «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан, бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат.

Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз.

Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор.

Илгерки алынган карыз кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Же өзүн-өзү актаган эмес, же мамлекетке келтирген пайдасы болгон эмес. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Ар бир долбоорду “жети өлчөп, бир кесебиз”. Өзүн-өзү кыска мөөнөттө актабаган долбоорлорду кабыл албайбыз.

Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок», — деди ал.