Садыр Жапаров Катар, Малайзия жана Шри-Ланкага элчилерди дайындады

Президент Садыр Жапаров элчилерди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.