Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, Чолпон-Атага кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Астана шаарында (Казакстан) өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусу аяктады.

Иш сапарынын биринчи күнүндө, 3-июлда мамлекет башчысы Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 4-июлда президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Иш-чара Беларустун ШКУга толук кандуу мүчөлүгү тууралуу документке кол коюу аземи менен башталды.

Отурумда сөз сүйлөп, Садыр Жапаров терроризм, киберкоркунучтар жана эл аралык кылмыштуулук сыяктуу учурдагы глобалдык көйгөйлөр тыкыр көңүл бурууну жана биргелешкен ишти талап кылаарын белгилеп, Кыргызстандын Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борбор түзүү тууралуу сунушталган демилгесинин маанилүүлүгүн айтты.

ШКУ саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту. Андан соң Садыр Жапаров ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга катышты. Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары, байкоочу өлкөлөр, ошондой эле эл аралык уюмдардан БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев жана башкалар катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө азыркы дүйнөдө өз ара байланыш жана глобалдык чакырыктар шартында тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн көп тараптуу диалогду бекемдөө зарыл экенин айтып өттү. Бул өз ара пайдалуу кызматташуунун оптималдуу жолдорун табууга, ошондой эле эч бир өлкө жалгыз чече албаган көйгөйлөрдү чечүү үчүн ресурстарды, билимди жана тажрыйбаны бириктирүүгө жагымдуу мүмкүнчүлүк берет.

Садыр Жапаров Казакстанга болгон иш сапарын аяктап, 4-июлда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.