Садыр Жапаров Кеминде мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылыш аземине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы жүк ташуучу унааларга орнотулуп, 8 бөлүктөн (трейлерлерден) турган мобилдик клиниканы карап чыкты. Алар медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган. Ошондой эле, мобилдик клиниканын базасында компьютердик тамограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат өңдүү заманбап медициналык жабдуулары менен бөлүм бар. Мындан сырткары биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лаборатордук жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар. Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап, алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, жергиликтүү тургундарды кароо, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарын акысыз көрсөтүшөт. Мобилдүү медициналык клиникаларды даярдоо жана алып келүү боюнча долбоорду ишке ашырган Ислам өнүктүрүү фонду менен «Фаель Хаир» кайрымдуулук фонду ошондой эле, логистика чыгымдарын, күйүүчү май, окутуу, медициналык жана техникалык персоналдын тамак ашы менен эмгек акысын, дарыларды жана башкаларды каржылап берет.

Президент энергетика жана суунун тартыштыгы маселесине токтолуп, энергетикалык тармактагы кыйынчылыктарга карабастан ал энергетиканы колдонууну чектебөө жана электр энергиясына тарифтерди жогорулатпоо тапшырмасын бергенин айтты. Ал тарифтерди келечекте калктын пенсия, жөлөк пул жана эмгек акысын жогорулаткан соң гана көтөрүү зарылдыгын, антпесе энергетиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгиледи. Мамлекет башчысы кошумчалагандай, өлкөдө бир нече ГЭСтин курулуш башталды жана 2025-жылга энергетикалык каатчылык жоюлат.

Ал Жогорку Кеңешке шайлоолор темасына токтолду. Садыр Жапаров мурунку шайлоолордон айырмаланып, учурда катышып жаткан партия жана депутатыкка талапкерлерге эч кандай тоскоолдуктар жок экенин белгиледи. Президент эске салгандай, буга чейин оппозицияга үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө тоскоолдуктар болуп, жыйын өтчү жайларда электр жарыгын өчүрүп, ал турсун шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө көчөдөн да орун берилбей келген. «Биз демократиялык мамлекетпиз. Азыр бардыгы каалаган талапкерин, каалаган партиясын тандоого эркиндиги бар элден көз каранды», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.