Садыр Жапаров: «Кийинки жылдары электр энергиясын экспорттойбуз деген тилегибиз бар»

“Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруунун алкагында бир катар жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык объектилердин ачылышы – биз үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур”, — деди Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышында сүйлөп жатып.

«Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон “Кытай — Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. Буюрса, аталган инфратүзүмдүк долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет.

Ошону менен катар, биз гидро потенциалга ээ болуп турганда, электр энергиясын импорттоону кескин түрдө кыскартуубуз кажет. Жараткан берген сууну туура пайдаланып, электр кубатын өндүрүүнү жогорулатып, элибизди камсыз кылууга милдеттүүбүз.

Кудай буюрса, кийинки жылдары экспорттук тизмеге электр энергиясын экспорттоо дагы кошулат деген аруу тилегибиз бар», — деди өлкө башчысы.