Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин тосуп алды

Бүгүн, 13-октябрда, Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кеңешинин жыйынына катышуучу өлкө башчыларын тосуп алуу аземи болду.

Жыйынга катышуу үчүн Кыргызстанга Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев келди.

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы конгресс-холлдон тосуп алды. Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары КМШ Кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышуу үчүн залга киришти.