Садыр Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө барып, аскерлердин тамагын жеп көрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кой-Таш аскер бөлүгүнө барды. Ал аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасынын, анын ичинде жоокерлердин жашоо шарттары менен таанышты.

Мамлекет башчысы аскер бөлүктөрүнүн кыдыруусунун башкы максаты — аскердик милдетин өтөп жаткандардын тамактануу рациону менен таанышып, жоокерлердин тамак-ашы белгиленген нормада берилишине көңүл бурду.