Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-сентябрда Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы билдирди.
Мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты. Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бир топ эскирген. Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошону менен бирге президент бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.
Буга чейин Садыр Жапаров дал ушул эле аскер бөлүктү ушул жылдын февраль айында пландан тышкары текшерип кеткен. Анда да бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгени маалымдалган эле.