Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Эмне каралат?

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында эртең, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Жыйында Куралдуу күчтөрдүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.