Садыр Жапаров коррупция боюнча: «Ким эмне менен дем алып, кантип байып жатканын кыраакы эл жакшы билет»

«Биз 7 миллион калк болуп, учугубуз уланып, канат-бутагыбыз жайылды дегенибиз менен, Кыргызстан – алакандай эл, уй түгүндөй коңшуларга караганда, бизде бири-бирин жакшы тааныйт, ким эмне менен дем алып, кантип байып жатканын кыраакы элибиз жакшы билет». Бул тууралуу Садыр Жапаров Элдик курултайда айтты.

«Ар кандай коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды түзүп алып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгындагы каражаттарды сол чөнтөккө сологондордун жолун тороп, бийлик мыйзам укуругун салып келет. Мыйзам чегинде чара көрүү менен мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуртуу иштери уланууда. Сиздер менен биргеликте Курултайдын күчүн коррупцияга каршы күрөшкө туура багыттай алсак, натыйжасы сөзсүз болот деп ишенем. Элдик курултайда талкуулана турган башкы маселелердин бири да ушул коррупциянын кесепети жана аны алдын алуу иштерине басым жасоого жапа тырмак киришсек дегим келет. Эгер элибиз коррупционерлерди “тууганым эле, жердешим эле” деп коргоп чыга берсе, анда биз бул илдеттен эч убакта кутула албайбыз», — деди ал.