Садыр Жапаров: «Коррупцияга каршы күрөш уланат жана күчөтүлөт»

Садыр Жапаров Курултайда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу көрүлүп жатканын айтты.

«Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган. Коррупцияга каршы иш-чаралар катуу көрүлүүдө. Коррупцияга каршы күрөш уланат жана күчөтүлөт», — деди ал.