Садыр Жапаров: «Коррупцияга каршы күрөшүү дагы улантылышы зарыл»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

«Сиздер эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп келе жатасыздар. Мындай ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип каармандыкты, тайманбастыкты, керек болсо жанын аябаган эрдикти талап кылат!

Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин майтарылбас курч мүнөзү, Ата Мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздайт. Бул өзгөчө кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуяларда башка күч түзүмдөрү менен бирге сиздердин кызматкерлердин каармандыктарынан даана көрүндү. Демек, Ата Мекен менен эл-журттун бейпил турмушу жана бейкапар жашоосу сиздердин тыкыр аракетиңиздерден көз каранды.

Өлкө аймагында тынчтыктын, туруктуулуктун болушу экономикабыздын мындан ары өнүгүшүнө, элибиздин турмуш-шартынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Мындан улам, экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткан ар кандай коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иш-аракеттери дагы улантылышы зарыл деп эсептейм», — деп жазылат куттуктоодо.