Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча: «Талаш жерлерди теңме-тең бөлүштүк»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенин билдирген. Бул боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди.

«Чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат.

Кудай буюрса, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө, эки президент кол коёбуз. Ошону менен бүтөт. Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт. Башка коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактап бүткөнбүз. Башка Орто Азия өлкөлөрү да бири-бири менен делимитация маселесин бүтүшкөн», — деди өлкө башчысы.