Кыргыз-тажик чек арасы качан ачылат? Өлкө башчысынын жообу

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Жыйындын жүрүшүндө СуперТВ телеканалынын журналисти өлкө башчыга кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча суроо берди.

«Биз студенттер үчүн чек араны ачкыла деген элек. Бизде окуп жаткан студенттер бар да. Алар келип окуусун улантышы керек. Чек аранын ачылар же ачылбасы делимитация жана демаркация иштери бүткөндөн кийин гана болот. Ага чейин «ызы-чуу болуп кетпесин» деп кармап турабыз. Мына жана да айтып өттүм, эртең же дүйшөмбү күнү Тажикстанга биздин өкмөттөр аралык комиссия учуп кетет. Булар күн сайын тынымсыз иштеп жатышат. Канчалык тез бүтсөк, ошончолук тез ачылат. Ачабыз. Өзбекстан менен кандай бүтүргөн болсок, кандай иштеп аткан болсок, Тажикстан менен дагы кийин буюрса, ошондой мамилени калыбына келтиребиз», — деди президент.