Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жазында чечилип бүтөрүн айтты

Кечээ, 11-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна иш сапары менен барды. Өлкө башчысы Баткендеги жаңыланган Капчыгай айылына барып, андагы жашоочулар менен баарлашты.

«Үйүңөр жылуубу? Суу барбы? Бир күндө канча көмүр жагасыңар?» деген прездент кыргыз-тажик чек арасын Жаңы жылга чейин чечүүнү көздөшкөнүн, бирок жазында чечилип бүтөрүн айтты.

«Тынч жашап жатсаңар болду. Ынтымакта жашагыла эми. Чек араны чечип жатабыз. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аяктап калдык. Жаңы жылга чейин бүтөбүз деп турдук элек, созулуп жатат. Жазга барып бүтөт окшойбуз», — деди ал.