Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий казууга уруксат берген мыйзамга кол койду

Жер казынасы жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул мыйзам 13-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жокко чыгарылууда.