Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчисине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Актилек Мусаева өлкө башчысынын Кытайга мамлекеттик иш сапарын даярдоодо одоно ката кетирген. Ал Кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жибергени белгиленди. Ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуу этикасын бузган.