Садыр Жапаров: «Кызыл-Омполдо 10 чакты кен бар. Бир эле кенден 2 миллиард доллардан ашык киреше алабыз»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигинеберген маегинде «Кызыл-Омполду иштетүү экологияга зыяны бар же жоктугун кимдер аныктайт?» деген суроого жооп берди.

«Уран десе эле чочулай бериштин кереги жок. Биринчи урандын түрлөрүнөн кабардар болушубуз керек. Уран кайсы деңгээлге келгенде коркунучтуу экенин аңдап билип алышыбыз керек. Андан сырткары, титаномагнетиттин курамында 0,17 пайыз дегени бул жокко эсе дегендик. Биздеги урандын коркунучу жок. Биздеги уран чийки зат. Качан гана уранды кандайдыр бир иштерге колдонуу үчүн аны байыткандан кийинки урандан катуу сактаныш керек. Мына ошол уран коркунучтуу болот. Биздеги уранды деле таптакыр коркунучсуз деп айтуудан алыс болушубуз керек. Өзүнчө бөлүп алгандан кийин аны сактоодо, ары-бери ташып жүрүүдө албетте абдан сак болушубуз керек. Адистер тараптан катуу көңүл бурулушу керек.

Ал эми экологияга зыяны тийбейби деген сурооңузга мындай жооп берет элем. Азыркы убакта ошол жерди иштете албайбыз. Эч нерсе өспөйт. Анткени астында урандын жана башка сейрек кездешүүчү баалуу металдардын элементтери бар. Жер астынан чыккан булактардын суусун да ичкенге болбойт. Себеби, суу уранды жана башка металлдарды аралап чыгат.

Ал жердеги рудаларды алып чыгып кеткенден кийин артынан жерлер дароо рекультивацияланат. Кажы-Сай, Миң-Куш сыяктуу калдык сактоочу жай да болбойт.

Анткени рудалар ал жерде иштетилбейт. Таза жер калат. Андан кийин ал жерлерди айыл чарба багытындагы иштерге колдонгонго мүмкүн болот. Арпа-буудай, өрүк-алма жана башка жер-жемиш өсүмдүктөрүн олтургузса болот. Булактан чыккан сууларды ичүүчү суу катары колдонсок болот. Себеби уран жана башка элементтердин баары ташылып чыгып кетет да ал жер тазаланып калат. Кум шагылдан башка эч нерсе калбайт.

Ошондуктан урандын дасыккан адисиндей болуп, жөн эле популисттик кылып кыйкыра бериштин кереги жок.

Биз 30 жыл саясат менен кайнай берип, экономикабызды өлтүрүп алыппыз. Кошуна мамлекеттерден эле 50 жыл артта калыппыз. Европа өлкөлөрүн айтпай эле коёюн. Болду эми жетишет. Мамлекет үчүн экономикалык жактан кичине эле пайдасы болсо кандай иштер болбосун аткарып кете беришибиз керек. Эң жок дегенде келе жаткан 10 жылдыкта кошуна өлкөлөргө жетип алалы»,- деди ал.

— Көз карандысыз комиссия түзүлсүн деген сунуштар бар. Бул комиссиянын иши ачык болобу? Коомчулукка маалымат берилип турабы?

— Маалыматтар ачык берилип турат. Мамлекет жашыра турган жашыруун иштер жок.

— Кен жайды иштетүүнүн техника-экономикалык негиздемеси качан даяр болот? Негизи эле экономикалык жактан пайдасы канчалык болот?

— Экономикалык жактан пайдасы чоң. Экинчи Кумтөр ачылды десек болот. Ал жерде 10 чакты кен бар. Бир эле кенден 2 миллиард доллардан ашык таза киреше алабыз.

“Кумтөр” былтыр 300 миллион доллардан ашык таза киреше берип, 30 миллиард сомго жакын салык төлөдү. Бул кен да иштеп кетсе пайдасы элге, мамлекетке тиет.