«Мадумаров менен кучакташып-достошуп…». Садыр Жапаров саясатчыны үйүнө чакырганын айтып берди

Садыр Жапаров депутат Адахан Мадумаровду ынтымак столго чакырганын, бирок депутаттын сөзүнө турбай койгонун айтты.

«Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп «Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү” дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек», — деди ал.