Садыр Жапаров май майрамдарында футбол ойнойт

4-5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган “Мурас” футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Ата-мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу кышкы/жайкы турнир катары өтүп турарын жарыялаган.

Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт:
— Президент Садыр Жапаров башында турган – «Президенттин администрациясы» командасы;
— маданият ишмерлери – «Өнөр» командасы;
— бизнестин өкүлдөрү – «Бизнес» командасы;
— ЖМК өкүлдөрү – «Журналисттер» командасы;
— ата-мекендик футболдун ардагерлери – «Алга» командасы;
— спорттук федерациялардын жетекчилери – «Спорттук федерациялар» командасы;
— Парламенттин депутаттары – «Жогорку Кеңеш» командасы;
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери – «Аймактар» командасы;
— дин өкүлдөрү – «Ыйман» командасы;
— чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери – «Элчилер» командасы;
— ооруканалардын жетекчилери жана башкы дарыгерлери – «Ден соолук» командасы;
— ЖОЖ ректорлору жана мектеп директорлору – «Билим» командасы.