Садыр Жапаров: «Мамлекетке тиешелүү алтынга бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм»

«Мамлекетке тиешелүү алтындарга менин бир туугандарым эле эмес, мен дагы жолой албайм». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

«Өткөн жылы «Кумтөрдү» кайтарып алуу процесси жүрүп жатканда Теңгиз мырзага «Кимдир бирөөлөрдү гана эмес, мени дагы укпа, ар бир грамм алтын, ар бир сом үчүн керт башың менен жооп бересиң! Мамлекеттин укуругу узун, бир сомдун артынан сая түшүп издеп табат» деп айткан элем. Ошентип бир да кадр киргизбедим, бир дагы ишине кийлигишпедим. Себеби «Мына сиз кийлигишип, «Кумтөр» ишин толук аткара албай калды» деген дооматтар болбосун дедим. Толугу менен өзүнүн эркине койдум. Теңгиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген», — деди ал.