Садыр Жапаров Мамлекеттик циркти капиталдык реконструкциялоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-июлда А.Изибаев атындагы Мамлекеттик циркке күтүүсүз текшерип барды. Ал имараттын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Буга чейин бир нече жолу ЖМКларда цирктин аянычтуу абалы тууралуу маалымат тараган.

Мамлекет башчысы жамаат менен болгон маегинде циркти капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаттары бөлүнүп, жакынкы арада оңдоо иштери башталаарын белгиледи. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер аңгемелешүүдөн өтүп жатат.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүү үчүн биргеликте умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды. Ошондой эле цирк кызматкерлери тарабынан айтылган маселелер боюнча башка да тапшырмалар берилди.