Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен эртең Өзбекстанга барат

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин чакыруусу менен 18-19-июлда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат. Мамлекет башчысы Өзбекстандагы Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүнүн расмий ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү/ачуу аземи өтөт. Мындан тышкары, бул сапарга карата кыргыз-өзбек Бизнес-форуму жана Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар болот”, — деди Муратбек Азымбакиев.