Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды. Аны кандай тосуп алышты?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда мамлекеттик сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан) барды.

Мамлекет башчынын борту Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Муса Джаманбаев;
— башкы прокурор Максат Асаналиев;
— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
— саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
— транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
— эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— юстиция министри Аяз Баетов;
— президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
— Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурлан Орунтаев;
— Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
— Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Примов;
— президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев;
— президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев;
— президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов;
— президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев;
— президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев;
— Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев;
— Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков;
— Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев.