Садыр Жапаров мектептердеги акча чогултууларга тыюу салган, жоопкерчиликке тарткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда президенттин администрациясынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, жалпы билим берүүчү мектептерде финансылык жана башка материалдык каражаттарды мыйзамсыз жана мажбурлап чогултууга тыюу салынат. Андан сырткары Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат. Анын максаты балдардын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акысыз билим алуу укугун ишке ашыруу болуп эсептелет.