Садыр Жапаров Мелис Аспековдун каты боюнча: «Былжырак жалганчыларга убактым жок»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди. Журналисттин «Камактагы жаран Мелис Аспековдун каты боюнча комментарий бересизби?» деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

«Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок», — деди өлкө башчысы.