Садыр Жапаров: «Мен камакта жатканда Шайлдабекова Текебаев экөөбүздү шайлоого катыштырбай койгон»

Президент Садыр Жапаров 12-майда Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө ал БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековадан абактарда отурган жарандарды шайлоого катышууга уруксат берүүнү суранганын айтты.

«Мыйзамсыз аракеттерге чекит койдук деп айта алам, анткени буга чейин өзүмдүн да башымдан өткөн. Мен камакта жатканда, Текебаев экөөбүзгө мандат берген эмес. Бизди «түрмөдө жатат, болбойт» деп эле Шайлдабекова айым бербей койгон. Бүгүн түрмөдө жаткан үчөө катталды. Талапкерликке мандат алды. Мен жашырбай эле айтам, мен 1 жума мурун «Талапкерлер өтүп жатыптыр, ошолорго да берип коюңуз, мурунку катаны кайталабайлы, өтсө өтөт. Эл ынанса өтүп кетсе, мандат беребиз» деп чалып айттым»,- деди ал.