Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бүгүн, 18-июлда Ташкент шаарында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Садыр Жапаров “Куксарой” мамлекеттик резиденциясына келди. Эки өлкө лидерлери атайын подиумга чыгышты. Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароол бөлүгүнүн командири рапорт берип, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев түзүмдү кыдырып өтүштү, кароолдун жоокерлери менен салам алышып, Өзбекстандын мамлекеттик желегине таазим кылышты. Андан соң мамлекет башчылары өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырды. Андан ары мамлекеттик резиденциянын фойесинде мамлекеттик желектердин фонунда сүрөткө түшүү аземи болду. Расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев тар курамдагы сүйлөшүүлөргө өтүштү.