Садыр Жапаров менен Венгрия президентинин расмий жолугушуусу болуп өттү

Бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Атчан гусарлардын коштоосунда мамлекет башчысынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын президенти тосуп алды.

Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү. Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.