Садыр Жапаров Москвада санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 16-майда, Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү. Анда мамлекет башчысы азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жагынан да, дүйнөлүк экономика жагынан да көңүл жубатарлык эмес экенин баса белгиледи.

«Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык», — деди Садыр Жапаров.

Президент Ооганстандын айрым провинцияларында алардын тышкы демөөрчүлөрүнүн Борбордук Азия боюнча кеңири пландары бар эл аралык террористтердин жана экстремисттердин болушуна байланыштуу ЖККУнун түштүк чек арасындагы кырдаал абдан кооптуу бойдон калып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, президент санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

«Кыргыз экономикасы коронавирустук пандемиядан калыбына келбей жатып, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулукка жана социалдык туруктуулукка күчтүү санкциялык соккуну алды”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай шарттарда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында санкциялардын кесепеттерин жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашын алдын алуу боюнча бирдиктүү чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.