Abank
SerepTV Logo

Кремль: "Жапаровдун Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадга келүүсү пландалган эмес"

Кремль: "Жапаровдун Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадга келүүсү пландалган эмес"

Жеңиш күнүнө карата Кыргыз мамлекетинин президенти Садыр Жапаровдун Москвага келиши пландалган жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин ТАСС" target="_blank">https://tass.ru/politika/11308185">ТАСС жазып чыкты.

Ал журналисттин "Бул иш-чарага кыргыз президенти чакырылабы?" деген суроосуна "Жок, азырынча планда жок" деп жооп берген.

Бүгүн, 5-майда 9-Май Жеңиш күнүнө арналган парадга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакырылганы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/prezidentter-putin-menen-rahmon-kyrgyz-tajik-chek-arasyndagy-chyrdy-talkuulait/">маалым болду. Анда ал Владимир Путин менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Песковдун айтымында, эки президенттин сүйлөшүүсү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чейин эле макулдашылган.