Кремль: «Жапаровдун Москвадагы Жеңиш күнүнө арналган парадга келүүсү пландалган эмес»

Архив

Жеңиш күнүнө карата Кыргыз мамлекетинин президенти Садыр Жапаровдун Москвага келиши пландалган жок. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин ТАСС жазып чыкты.

Ал журналисттин «Бул иш-чарага кыргыз президенти чакырылабы?» деген суроосуна «Жок, азырынча планда жок» деп жооп берген.

Бүгүн, 5-майда 9-Май Жеңиш күнүнө арналган парадга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакырылганы маалым болду. Анда ал Владимир Путин менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Песковдун айтымында, эки президенттин сүйлөшүүсү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга чейин эле макулдашылган.