Президент Садыр Жапаров буга чейин депутаттык орундар сатылып келгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилерин кабыл алуу учурунда билдирди.
«2020-жылга чейин чынын айтсам, депутаттык орундар сатылып келген. Ал кездеги партиялык тизме менен 1-орундан 10-орунга чейин «алтын орунду» сатып алуу 1 миллион АКШ долларынан баштап сатылчу. 10-орундан ары сумма төмөндөчү. Аны биз жашыра албайбыз. Анткени бул биздин турмушта болуп өткөн нерсе. Мисалы, талапкерлер эл менен жолугушпай туруп, акчасын төлөп коюп жата беришчү да, депутат болуп калышчу. Эл депутаттардын көпчүлүгүн тааныбайт эле. Анан депутат болуп келип калгандан кийин «Эки сөздүн башын бириктирип сүйлөй албаган талапкер кантип депутат болуп келди?» деп таң калышат эле» деди президент.